Жаңы ыкма менен тоют даярдоо, кирешени 5-6 эсеге көбөйтөт

Чүйдө жаңы ыкма менен даярдалган силос дыйкандарга 5-6 эсе көп киреше алып келет. Бул тууралуу журналисттерге «Жыргал-Сүт» айыл-чарба эксперименталдык коммерциялык кооперативинин төрагасы Нурбек Жыргалбаев билдирди.

“Силос кумшекер менен ачытылып жасалат. Мындан эч кандай зыяны жок, малга пайдалуу органикалык бактерия пайда болот. Тоют берилгенден кийин 10 литр сүт берген уйлар 20 литрден берип баштады. Малды багууда бат семирип, эти да сапаты жагынан жакшы болуп жатат. Уйдун сүтү коюу болуп, майлуулугу да жакшырат. Бир суткада бодо малга 20, койго 7-8 килограммга чейин силос берилет. Тоют ачытылып жасалгандыктан, биринчи ач карын 1,5-2 кг чейин кургак чөп берилиши керек.”, – дейт Нурбек Жыргалбаев.

Катышуучуларга тоюттун кантип даярдалышын атайын техникалар менен көрсөтүлдү. Ал эми заманбап техника менен камсыздоо жагынан япониялык “JICA” эл аралык агенттиги колдоо көрсөткөн.

“Ушундай киреше алып келе турган тажрыйбаларды бөлүшүү дыйкандарга абдан керек. Анткени, былтыркы жылы суунун тартыштыгынан улам сугат сугарууда кыйынчылыктар жаралып, түшүм да аз алынган. Азыркы кезде чөптүн баасы дагы жогорулагандыктан чыгым көп кетип жатат. Бул силос баасынан 3-4 эсеге арзан болот”, — деп кошумчалады ишкер.

Белгилей кетсек, 14-сентябрда Ысык-Ата районундагы Красная-Речка айылында “Кыргызстан сүт палатасынын” демилгеси менен атайын семинар болуп өттү. Быйыл экинчи жолу өтүп жаткан бул иш-чарага облус, район жетекчилери, ишкерлер, дыйкандар, фермерлер чакырылган.

error: Content is protected !!