Япониянын төрт аймагында коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыяланды

Эпидемиологиялык кырдаалдын оорлошуна байланыштуу Япониянын Осака префектурасында жана Токиого жакын жайгашкан коңшулаш 3 аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча башкы штабдын жыйынында премьер-министр Ёсихидэ Суга маалымдады.

«Тилекке каршы өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда коронавирустун дельта-штаммы менен ооругандардын саны өтө тездик менен өсүп, илдет кеңири жайылып жатат. Эгерде ооругандардын саны мындан дагы көбөйүп кетсе, саламаттык сактоо тармагына оор сокку болот. Ушуга байланыштуу Сайтама, Тиба, Канагава жана Осака префектураларына өзгөчө кырдаал киргизүү чечими кабыл алынды», – дейт Япониянын премьер-министри Ёсихиде Суга.

Маалыматка ылайык, инфекциянын жайылышынын күч алганына байланыштуу аталган аймактарда 31-августка чейин күчөтүлгөн режим киргизиле турган болду.

error: Content is protected !!