Ялкун Даутов: Патрулдук милиция менен айдоочулардын ортосунда жагымсыз мамилелер көп кездешүүдө

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов:» Патрулдук милиция кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы жагымсыз, айрым учурда коркунуч жараткан мамилелер көп кездешүүдө».

 “Ички иштер министирлигинин Патрулдук милиция кызматы ИИМди реформалоонун алкагында түзүлгөн. Бирок, биз күткөндөй жыйынтыгын бербей жатат. Патрулдук милиция кызматкерлери менен айдоочулардын ортосундагы жагымсыз, айрым учурда коркунуч жараткан мамилени социалдык тармактардан байма-бай көрүп, кейиштүү абалга туш болосун. Айдоочулар биздин кызматкерлерди тоготпой жатышат. Мунун бирден-бир себеби, Патрулдук милиция кызматкерлери өздөрүнүн укуктарын жакшы билишпейт. Көптөрүнүн юридикалык билимдери жок. Тийиштүү мыйзамдарды өздөштүргөн эмес. Бул албетте, өкүнүчтүү. ИИМдин Патрулдук милиция башкы башкармалыгы өлкөбүздүн аймагында жол кыймылынын коопсуздугу жаатында коомдук тартипти  камсыздоо жана  коомдук жайларда, көчөлөрдө, транспорт объектиттеринде  кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча, административдик ж.б. көзөмөлдөө  функцияларды  аткара турган болгондон кийин юридикалык билими бар, физикалык,  психологиялык жактан туура келгендерди кызматка алуу зарылдыгы туулат”. 

error: Content is protected !!