Ялкун Даутов: «Биздин өлкөгө бардык жактан камсыздалган 50 авто мектеби жетиштүү»

ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы, КРнын Президентине караштуу Сот жана укук тартибин жакшыртуу боюнча Кеңештин алдындагы эксперттик жумушчу топтун мүчөсү, К.Карасаев атындагы БГУнин административдик-укуктук иштер боюнча проректору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Ялкун Даутов:

Тилекке каршы бүгүнкү күндө жол кырсыктары көп катталып жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан бери өлкөбүздө 4 637 жол кырсыктары катталып, анын кесепетинен 497 адам каза болгон. Бул чоң жоготуу. 

    Ички иштер министрлигинин коомдук кеңеши эки жылдан бери жол кырсыктарына көңүл буруп, өзүбүздүн сунуштарыбызды берип, Массалык маалымат каражаттары аркылуу пикирлерибизди айтып, жеткирип келебиз.

    Кыргызстанда учурда жол кырсыктарын азайтуу ошондой эле бул боюнча мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу жаатындамамлекеттик деңгээлде улуттук стратегия жок. Башка мамлекеттерде, коңшу жана Европа өлкөлөрүндө ар биринде мамлекеттик деңгээлде Президенттин же Премьер-министрдин алдында улуттук стратегиялариш жүзүнө ашып, өз жемишин берип келүүдө. Бул боюнча биз кеңири таанышып окуп чыктык.

  Чакан өлкө экендигибизге карабай 2011-жылдан баштап 2021-жылга чейин (2020-жыл пандемияга байланыштуу эсепке алынган жок) статистикалык маалыматтын негизинде, ушул он жылдын ичинде жыл сайын жол кырсыктары абдан көп катталып, 400 дөн 700 гөчейин адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары болуп келген. Бирок, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, инфраструктурага жетиштүү деңгээлде маани берилген жок. Мисалы, жол чырактары, жол белгилери ж.б. жетиштүү эмес. Ошондуктан, улуттук стратегиябызды жазып, анын алкагында Ички иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, жергиликтүү бийликтер биргеликте конкреттүү иш алып барышы керек.

     Жол кырсыктары көп катталган жерлерде биринчи кезекте жол чырактарды, белгилерди, жол сызыктарды толук кандуу иретке салуу зарылдыгы турат. Андан тышкары коопсуз шаар долбоорунун экинчи этабыбашталды. Ошого карата республика боюнча 310 комплекстер коюлат. Мына ошол мониторинг жүргүзүлгөн жол кырсыктары көп катталган жерлерге камераларды коюшубуз керек.

       Статистикалык маалыматка таянсак, бүгүнкү күндө республика боюнча айдоочуларды даярдаган 235 мектеп бар. Анын 119у лицензиялык талаптарга жооп бербей тургандыгы белгилүү. Ушундай талапка жооп бербеген авто мектептерди кыскартып, мамлекеттик деңгээлде көзөмөл жүргүзүүгө тийишпиз. Учурда лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет экен. Бирок, ИИМ менен мамлекеттик каттоо кызматы мониторинг жүргүзүп, биргеликте иш алып барышса туура болот деп ойлойм. Мисалы, биздин өлкөгө бардык жактан камсыздалган 50 авто мектеби жетиштүү болот.

     Айдоочулук күбөлүктү берип жаткан Мамлекеттик каттоо кызматында коррупция болуп жатат. УКМК каттоо кызматындагы ар кандай коррупциялык иштерге 5 иш козгошуптур. Бул боюнча көзөмөлдү күчөтүп,  атайын комиссия түзүп, коррупциялык механизмдерди жою керек.

      Дагы бир айта кетчү жагдай, биздеги авто унаалардын 70%ы эскирген, бизде техникалык кароо жок. Ар бир унаа эсепке алынып, он жыл ашкандан кийин текшерилип туруш керек. Мына ушундай себептерден улам дагы жол кырсыктары катталып жатат. Андан тышкары азыр айдоочулардын 70%ы 17 жаштан 20 жашка чейинкилер болуп, көпчүлүгү күбөлүктү сатып алгандар болуп жатат. Булардын дагы жол кырсыктарына себепкер болгондору жок эмес.

    Жол кырсыктарын кескин азайтууга шарт түзүп берүүнү мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууга бүгүнкү кырдаал өзү талап кылууда.

error: Content is protected !!