WhatsApp мессенжери iOS жана Android түзмөктөрүнүн төмөнкү версиясында иштөөсүн токтотот

WhatsApp мессенжери iOS жана Android түзмөктөрүнүн эски үлгүсүндө иштебей калат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, iOS тиркемесинин акыркы iOS 9, Android 4.0.4 жана андан төмөнкү версиясында аталган мессенжер иштөөсүн токтотот. Мындай маалыматты WhatsApp социалдык тармагы расмий түрдө тактады.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 1-январынан тарта WhatsApp мессенжери Android 4.0.3. сыяктуу бир катар үлгүдөгү түзмөктөрүндө иштөөнү токтоткон.

error: Content is protected !!