Курс НБ на 16.10.2018 $69,3432 €80,3514

Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин мамлекеттик жайына ижара келишимди түзүү укугуна ачык аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү

Вакансия
08 - Май 2018
www.erkintoo.kg
328
Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин мамлекеттик жайына ижара келишимди түзүү укугуна ачык аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонду (мындан ары - Фонд)
2018-жылдын 7-июнунда саат 10.00дө Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин мамлекеттик жайына ижара келишимди түзүү укугуна ачык аукцион өткөрүү жөнүндө маалымдайт.
Ижарага берүүчү: Т.Эрматов атындагы БМПК
Ижара объекти: мамлекеттик жайдын жалпы аянты 290 ч.м.
Объекттин жайгашкан жери: Бишкек ш., Ахунбаев к., 121
Мамлекеттик жайдын максаттуу багыты: ашкана үчүн
Сунушталган ижара мөөнөтү: 3 жыл
Баштапкы ижара акысынын өлчөмү: 42 108 сом айына
Өтүнмөлөр 2018-жылдын 6-июнунда саат 11.00гө чейин Фонддо, дареги: Бишкек ш., Москва к., 151 (3-кабат, кабинет №308) кабыл алынат, бардык маселелер боюнча кайрылууга телефон: (0312) 61-49-59.
 
Катышуучуларды каттоонун башталышы отуз мүнөт аукциондун башталышына чейин, каттоо үчүн аякташы 5 мүнөткө чейин аукцион башталганга.
 
Аукционго катышуу үчүн керектүү документтер:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-июнундагы №374 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун (мындан ары – Жобо) 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аукционго катышууга карата билдирүүсүн;
- шерт пул берилгендигин ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсүн.
Жеке жактар ким экендигин күбөлөгөн документин беришет (билдирүүсүн өткөрүү учурунда талапкердин жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт); жеке ишкерлер - ишкердик ишин жүргүзүүчү жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патенттин көчүрмөсүн.
Эгерде, билдирүү талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укугу берилген жактын нотариус күбөлөндүргөн ишеним катын (түп нускасын же көчүрмөсүн) бериши керек.
Юридикалык жактар кошумча төмөнкү документтерди беришет:
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариус күбөлөгөн көчүрмөсүн;
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укук берген өкүлдүн атына берилген ишеним катты, эгерде аукционго юридикалык жактын жетекчисинин катышуу учурда, аны жетекчи дайындоо жөнүндө чечим.
Жобонун 9-пунктуна ылайык, тоорукка катышуу үчүн талапкер жарыяланган ижарага берүүнүн баштапкы шерт пулду көрсөтүлгөн эсепке төгүүгө тийиш:
Алуучу: КРӨ караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд
Алыш-бериш эсеби: 4402012100002561
Банк: Центральное казначейство МФ КР
БИК: 440001
ИНН: 00405200110158
Биринчи май МСКБ
Төлөмдүн коду: 14 238 900.
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.