Курс НБ на 23.01.2018 $69,3433 €84,8901

Муфтият жарыялайт!

Вакансия
12 - Январь 2018
www.erkintoo.kg
30
2018-жылдын ажылык иштери башталып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы, 2018-жылдагы Сауд Араб Падышалыгына болгон Ажылык сапарына ажыларды жеткирүү үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2018-жылдын 12-январынан, 12-февраль саат 17.00гө чейин конкурс жарыялайт
Конкурска катыша турган авиакомпанияларга коюлган талаптар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн Муфтияттын төмөнкү адресине кайрылса болот. Бишкек ш., Гогол көч, 57 (Москва көчөсүнүн кесилишинде), уюлдук тел.: (0778) 90-06-01 тел/факс: (0312) 48-61-67 э-почта: muftiyat.hajj@mail.ru
 Конкурс өтө турган күн: 13-февраль 2018-ж. саат 11.00
 Жайы: Муфтияттын жыйындар залы.
 Документтерди кабыл алуу: 2018-жылдын 12-январынан, 12-февралына саат 17.00гө чейин.
 Жыйынтыкты жарыялоо күнү: 14.02.2018-ж.
Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилген арыздар кабыл алынбайт.
КМДБнын
Ажы-Умра жана Эл аралык байланыштар бөлүмү


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу