Курс НБ на 16.10.2018 $69,3432 €80,3514

КР Улуттук банкы Окуу-ден соолукту чыңдоо борбору республикалык ачык сынак өткөрө тургандыгы тууралуу жарыялайт

Вакансия
27 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
312
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Окуу-ден соолукту чыңдоо борборун (“Толкун” пансионатынын) эт азыгы (уй жана кой эти) менен камсыздоочуларды аныктоо, алар менен алкактык макулдашууларды түзүү үчүн республикалык ачык сынак өткөрө тургандыгы тууралуу жарыялайт.
Сынактык документтер 2018-жылдын 21-майында саат 17.00гө чейин Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча сунушталат.
Сынак алдындагы конференция 2018-жылдын 14-майында Бишкек шаары, Т.Үмөталиев атындагы көчө, 101 дареги боюнча саат 16.00дө өткөрүлөт. Конференцияга катышуу маселеси  боюнча техникалык координаторго байланышуу зарыл.
Сынак боюнча сунуш баасы Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган  бардык салыктарды эске алуу менен кыргыз сомунда көрсөтүлүүгө жана ал келишимдин колдонуудагы мөөнөтүндө көбөйүү жагына өзгөрбөөгө тийиш.
Сынак боюнча сунуштар Бишкек шаары, Чүй пр., 168 дареги боюнча 2018-жылдын 24-майында саат 14.00гө чейин кабыл алынат.
Белгиленген убакыттан кийин тапшырылган сынактык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуштар салынган конверттер 2018-жылдын 24-майында саат 14.00дө ачылат.
Ушуга байланыштуу бардык суроолор боюнча +996 (312) 66-91-52 телефон номери же tender@nbkr.kg электрондук почтасы аркылуу техникалык координаторго кайрылууга болот.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.