Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

КР ӨКМнын алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги мамлекеттик бош кызмат орундарына ачык сынак жарыялайт

Вакансия
10 - Ноябрь 2017
www.erkintoo.kg
23
КР ӨКМнын алдындагы калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттиги Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөнкү административдик мамлекеттик бош кызмат орундарына
ачык сынак жарыялайт.
1. Укуктук камсыздоо боюнча башкы адис (1 бир.) (Бишкек шаары):
Квалификациялык талаптар:
-   билими - жогорку юридикалык;
-   стажы - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-   төмөнкүлөрдү билүү: "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө”, "Жарандык коргонуу жөнүндө", "Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө", Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, КР Өкмөтүнүн: "2013-жылдын 10-июнундагы №341 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламенти жөнүндө" жана 2017-жылдын 31-майындагы №313 "Кыргыз Республикасынын мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомдорун;
-   сот органдарында отурумдарга катышуу боюнча тажрыйбанын жана жөндөмдүүлүктүн болушу;
-   аналитикалык иш-кагаздарды түзүүнү, презентацияларды жасоо жөндөмдүүлүгү;
-   чоў көлөмдөгү иш-кагаздары менен иштөө жөндөмдүүлүгү, демилгелүүлүгү;
-   аткаруучулук, демилгелүүлүк, калыстык, командада иштей билүү;
-   көндүмдөрү: тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу, жумушту жана иш убакытын мерчемдөө, кесиптештеринин ой-пикирин эсепке алуу, дайыма өзүнүн квалификациясын жогорулатуу, кесиптештер менен кызматташуу, кызматтык документтер менен иштөө, жеке чыр-чатактарга жол бербөө боюнча жарандар менен жогорку адистикте ийкемдүү иштөө.
Кызматтык милдеттери:
-   Калдык сактоочу жайлар менен иштөө боюнча агенттигинин бөлүмдөрү менен түзүмдүк саясат жана административдик реформа боюнча түздөн - түз жумуш жүргүзөт;
-   экспертизага сунушталган Кыргыз Республикасынын Агенттикке тиешелүү укуктук ченемдик актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт жана редакциялайт;
-   сот жана башка мамлекеттик органдарда укуктук маселелерди кароодо белгилеген тартипте Агенттиктин кызыкчылыгын коргоо жумуштарын уюштурат;
-   Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын жана Агенттиктин актыларын инвентаризациялоо.
2. Инвестиция тартуу жана долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн
башкы адиси (1 бир.) (Бишкек шаары)
-   билими - жогорку, төмөндөгү багыттар боюнча: курулуш, тоо иштери, жаратылышты колдонуу жана экология, химиялык технология жана биотехнология;
-   стажы - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-   төмөнкүлөрдү билүү: "Жарандык коргонуу жөнүндө", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктар жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө", "Авариялык-куткаруу кызматтар жана куткаруучулардын статусу жөнүндө" Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы №733 "Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө", 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомдорун;
-   аткаруучулук, демилгелүүлүк, калыстык, командада иштей билүү;
-   көндүмдөрү: тапшырмаларды аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу, жумушту жана иш убакытын мерчемдөө, кесиптештеринин ой-пикирин эсепке алуу, дайыма өзүнүн квалификациясын жогорулатуу, кесиптештер менен кызматташуу, кызматтык документтер менен иштөө, жеке чыр-чатактарга жол бербөө боюнча жарандар менен жогорку адистикте ийкемдүү иштөө.
Кызматтык милдеттери:
-   Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарга ыкчам жана мерчемдик изилдөөнү жүргүзөт;
-   Радиациялык-коркунучтуу өндүрүштөрдүн, объекттердин техникалык жана радиациялык коопсуздук абалына талдоо жүргүзөт;
-   иштеп жаткан мыйзамдардын талаптарын, радиациялык коопсуздуктун эрежелерин сактоо боюнча текшерүү жана авариялык кырдаалдарды жоюуга объекттердин даярдыгын жүргүзөт;
-   Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктарды реабилитациялоо боюнча долбоордук-сметалык документтерди текшерүү жумуштарына катышат.
3. Кадр жумуштары жана иш кагаздары боюнча башкы адисинин (1 бир.) (Ош шаары)
-   билими - жогорку, ар кандай профилде;
-   стажы - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик кызмат стажы же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
-   төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, КР Өкмөтүнүн: 2016-жылдын 29-декабрындагы №706 "Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелери жөнүндө", 2017-жылдын 6-январындагы №8 "Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу", 2017-жылдын 1-мартындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө'' 2016-жылдын 14-декабрындагы "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтомдорду;
-   элдин алдында сүйлөө;
-   мамлекеттик башкаруу, адамдык ресурстарды башкаруу тармагындагы тажрыйбасы болушуна артыкчылык берилет;
-   кадр менеджментин билүү.
Кызматтык милдеттери:
-   Кадр жумуштары жана иш кагаздары боюнча башкы адисинин Агенттиктин директорунун тескемелерин, буйруктарын жана тапшырмаларынын өз убагында аткарылышын көзөмөлгө алат;
-   Эмгек мыйзамына, жетекчинин буйруктарына жана жоболоруна ылайык кызматкерлерди кабыл алуу, которуу жана бошотууну тариздейт;
-   Эмгек тартибинин абалына жана кызматкерлердин ички жана эмгек тартибинин эрежелерин сактоосуна көзөмөл жүргүзөт;
-   Мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана башка мекемелерден келген документтерди жетекчинин резолюциясына ылайык аткарууга берет;
-   Документтерди архивге сактоого берүүнү даярдайт.
Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтерди берүү зарыл:
-   арыз (бош кызмат ордун так көрсөтүү менен);
-   кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы сүрөтү менен жана резюмеси;
-   паспорттун көчүрмөсү же өзүн тастыктаган документ (паспорттун түп нускасы же өзүн тастыктаган документти сынакка келгенде көрсөтөт);
-   профессионалдык билимин, квалификациясын жана иш стажын тастыктаган документтер (нотариялдык жактан же персоналдык иш орду боюнча башкаруу кызматынан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими тууралуу документтердин көчүрмөсү);
-   өмүр баяны.
Мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан компетенттүү мамлекеттик органдардан талапкердин соттолбогондугу жөнүндө маалым кат.
Сынакка катышуу үчүн бардык каалоочулар документтерди төмөндөгү адрес боюнча берүү керек: Ош шаары, Моминова көч., 11, каб. 204.
Документтерди кабыл алуу кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап он жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт. Маалыматтарды кеўири билүү үчүн (03222) 7-01-40 телефонуна кайрылса болот.
Сынакты өткөзүү күнү жөнүндө кошумча кабар беребиз.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу