Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

КР финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигиоруп-жыйноочу айыл чарба техникаларын товардык кредитке бере тургандыгын жарыялайт

Вакансия
08 - Май 2018
www.erkintoo.kg
175
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Агенттик), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы №98‑б буйругуна ылайык, оруп-жыйноочу айыл чарба техникаларын товардык кредитке бере тургандыгын жарыялайт.
Кредитти алуу үчүн:
Техника алуучу Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине (мындан ары -Айылчармин) арыз менен кайрылат. Айылчармин арыздарды Агенттиктин дарегине жөнөтөт.
Кредиттин шарттары:
– кредитти төлөө мөөнөтү 10 жылга чейин;
– жылдык пайыздык ставка кредиттин суммасынын 2 пайызын түзөт;
– баштапкы төлөм (милдеттүү түрдө) техниканын наркынын 10 пайызын түзөт;
– төлөө мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн төлөмдүн суммасынан 0.01 пайыз (жылына 3,6%) айып эсептелет;
– кредитке алынган техника милдеттүү түрдө камсыздандырылышы зарыл;
– кошумча күрөө мүлкү талап кылынат.
 
Кредитти алуу үчүн төмөндөгүдөй документтер талап кылынат:
– Мамлекеттик милдеттүү төлөмдөрдөн (салык кызматы жана Социалдык фонд) карызы жоктугу тууралуу маалым каттар жана мамлекеттик зайымдык каражаттардан (Агенттиктен) төлөө мөөнөтү өткөн карызы жок болушу зарыл;
– Кредиттик бюро "Ишеним" ЖАКнан (КИБ) кредиттик карыздары тууралуу маалымат;
– Бизнес-план (төлөө жөндөмдүүлүгүн тастыктаган чарбалык иш-аракети, материалдык-техникалык базасы, экономикалык абалы, кредитти өз учурунда кайтарып берүү боюнча финансылык эсеп-кысабы).
Техника алуучунун жогорудагы талап кылынган документтери так болуп, төлөм жөндөмдүүлүгү Агенттиктин комиссиясынан тастыкталган учурда, Агенттик техника алуучу менен кредиттик-күрөөлүк келишимдерди тариздейт.
Агенттиктин кошумча маалымат алуу үчүн
 байланыш телефону: (0312) 62-04-10.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.