Курс НБ на 21.06.2018 $68,3076 €78,9465

Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу Кыргызстан боюнча 2018-жылдын 18-апрелинен 4-майга (саат 17.00) чейин облустардагы Казыяттарга тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт

Вакансия
20 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
76
Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоого алуу Кыргызстан боюнча 2018-жылдын 18-апрелинен 4-майга (саат 17.00) чейин облустардагы Казыяттарга тиешелүү операторлор тарабынан жүргүзүлөт.
2018-жылы ажы башчылыкка Талапкерлердин документтерин кабыл алуу талаптары:
1.   Талапкердин өз колу менен Азирети Муфтийге жазылган арызы. (Ажы башчылыкка талапкерлердин тизмесине кабыл алуусун сурануу).
2.   Талапкердин резюмеси.
3.   КМДБнын түзүмүндөгү дин кызматкери катары иштеп жаткандыгы тууралуу маалым кат же буйрук; (Буйрук 2018-жылдын 20-мартына чейин чыгарылган болуусу шарт. 2018-жылдын 21-мартынан кийин берилген буйруктар ажы башчылыкка кабыл алынбайт).
4.   Биометрикалык ID-паспорттун көчүрмөсү;
5.   Тышкы жарандык паспортунун көчүрмөсү (биометрикалык жана тышкы паспорттордун көчүрмөсү бир баракта болуусу шарт);
6.   3x4 көлөмүндөгү 4 даана сүрөт; Сүрөт түстүү, ак фондо, матовой кагазда болуусу шарт (Ак көйнөк жана ак баш кийим менен түшкөнгө болбойт).
7.   Ажы башчылыкка талапкерлерден КР Ички иштер министрлигинин Маалымат Борборунан соттолбогондугу тууралуу (аныктама) маалым кат талап кылынат.
8.   Ажы башчылыкка талапкер, ажылык парзын өтөгөн же умрага барган жана Саудия мамлекетинде болгон болуусу шарт; (Ажылык визасынын көчүрмөсү, эгерде паспортун жаўылаган болсо Казыяттан ажыга баргандыгы тууралуу аныктама талап кылынат).
9.   2017-жылы ажы башчылыкка тандалган талапкерлер 2018-жылдагы тандоого катыша албайт;
10. Араб тилин билүүсү;
11. Уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү;
12. Ажылыкта зыярат кылуучу жайлардын диндеги ордун (хаж маселесин) жакшы билүүсү;
13. Ажы башчылыкка талапкерлердин жашы 55 (элүү беш) жаштан ашпоого тийиш;
14. Маалымат технологияларын өздөштүрө билүүсү шарт (өзгөчө: word, excel, ж.б.).
15. Ажы башчылыкка талапкерлерден Республикалык Психоневрологиялык жана Кожвендиспансерден учетто турбагандыгы тууралуу маалым кат талап кылынат.
16. Ажы башчылыкка талапкерлердин иш кагаздарын Казыяттардын алдындагы жооптуу операторлор кабыл алат.
17. Ар бир талапкерден өзүнө тиешелүү болгон жергиликтүү Казыяттардан ажы башчылыкка сунуштоо аныктама талап кылынат.
18. Ажы башчылыкка талапкерлерди каттоо тартиби биометрикалык ID-паспорттун негизинде жүргүзүлөт.
19. Сауд Араб Падышалыгы тарабынан же САПтын ажылык базасынан (Масал электрония), виза алуу учурларда, мурда ажыга барган ажы башчылыкка талапкерлерге кошумча төлөмдөр пайда болсо, ажы башчылыкка талапкер өзү төлөйт (Бул маалыматты операторлор, мурда ажыга барган ар бир ажы башчыга тааныштырып, каттоого алат).
 
Эскертүү:
Жогорудагы талаптар өзгөртүлсө кошумча билдирилет.

-   Ажы башчылыкка талапкерлерге 1-тесттик сынактар 2018-жылы 10-майда;
-   2-тесттик сынактан ийгиликтүү өткөндөргө баарлашуу сынактар 2018-жылы 11-12-майда;
-   3-ажы башчылыкка өткөндөрдүн тизмесин жарыялоо 2018-жылы 14-майда жарыялайт.
Ажылык боюнча суроолорго жооп алуу үчүн
Төмөнкү номурларга кайрылыңыздар тел.: (0312) 48-61-67,
(0778) 48-61-67, (0558) 48-61-67, (0708) 48-61-67.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу