Улукбек Марипов Кашка-Суу айылынын мектеп окуучуларына сабак өттү — ВИДЕО

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылынын Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жаңы корпусунун ачылышына катышты.

Марипов окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, андан кийин 11-класстар үчүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө арналган «Тынчтык сабагын» ушул мектептин ардактуу, алдыңкы мугалими Шааркан Анарбаева менен биргеликте өткөрдү.

Белгилей кетсек, мектептин химия -биология сабагынын алдыңкы мугалими Анарбаева Шааркан Кыргыз Улуттук университетинин химия-биология факультетин ийгиктүү аяктап, ушул мектептен эмгек жолун мугалим болуудан баштаган. 40 жылга жакын убакыттан бери, Кашка-Суу орто мектебинде окуучуларга билим берип келет. Кыргыз Республикасынын “Эл агартуусунун отличниги”, “Ардактуу мугалим” орденин ээси,мектептин ардактуу мугалими жаштардын насаатчысы болуп саналат.

error: Content is protected !!