Улукбек Марипов Көк-Кашат айылындагы мектептин курулушу боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө, жарандардан келип түшкөн арыздар боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалы менен таанышты.

Мектеп 2015-жылы курулганына карабастан, имараттын абалы начар экендиги аныкталды. Мектептин спорттук залынын полу чирип, жылытуу тутуму начар иштейт.

Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, мектептин курулушунда өндүрүштүк технологиялардын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин олуттуу бузулушу аныкталган, техникалык жана автордук көзөмөлдөө толук көлөмдө аткарылган эмес.

Мектептин абалы менен жеринен таанышкан Улукбек Марипов кызматтык иликтөө жүргүзүүнү, аталган кемчиликтерге жол берген жактарды жоопкерчиликке тартууну тапшырып, мектепти жаңы оку жылына карата даярдоо тапшырмасын берди.

Мектеп 375 окуучуга эсептелген. 2015-жылы жаңы окуу имараттары, спорттук зал жана галерея, от казан курулуп, инженердик тармактар орнотулган.

error: Content is protected !!