Бишкек -Ош жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

Жалал –Абад облусунун Токтогул районунда кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 жаран окуя болгон жерде каза болушкан. Бул тууралуу ӨКМ басма –сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-сентябрь күнү саат 07:10 чамасында Токтогул районунун Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында Бишкек-Ош унаа жолунун 308-чакырымында «DAF» үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасы менен «Жигули ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаа кагылышкан, кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы 3 жаран (эркек киши) окуя болгон жерде каза болушкан.

Токтогул району боюнча №97 ӨКБнүн 5 куткаруучу тартылып, жеңил унаада кыпчылып калган 3 жаранды чыгарышып, тез жардам унаасы менен Токтогул райондук оорукананын, моргуна өткөрүп беришти.

Каза болгон жарандардын өздүгү такталууда.

error: Content is protected !!