Токмокто 100 үй -бүлөлүк «Соцшаарча» ачылды

Бүгүн, 15 -сентябрда, Токмокто энелер менен балдарды коргоого багытталган социалдык шаардын ачылышы болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурил Алымбаев, “Ас-сафа борбору» кайрымдуулук фондунун, мамлекеттик мекеменин жана шаар жетекчилиги катышты.
Белгилей кетсек, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн жалпы социалдык аянты 28 миң 55 чарчы метр, «Ас-Сафа борбору» кайрымдуулук фондунан 116 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Учурда 4 батирлүү 25 турак үйдүн курулушу аяктады, фельдшердик-акушердик пункт, мечит, дүкөн, тигүү цехи жана футбол аянтчасы курулду.

error: Content is protected !!