Тилек Исаев: «Айдоочулар өздөрүнүн милдеттерин так аткарбагандыгы көйгөй жаратып жатат»

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев:

   Бүгүнкү күндө республика боюнча 1,5 миллион транспорт каражаттары катталып, ага кошумча өлкөбүзгө кирип чыккан авто унаалар да жол кыймылын оорлотууда. Бул дагы жол кырсыктарынын бир себеби болууда. Мындай көп сандагы авто унаалардын айдоочуларынын баары тажрыйбалуу, жол эрежелерин мыкты билет деп айтуудан алыспыз. Ушундан улам жол кырсыктарынын негизги себептери да ошол жол эрежелерин сактабагандыктан болуп жатат. Жол кырсыктарынын 30,2%ы айдоочулардын ылдамдыкты ашырып айдаганынан, 29,8%ы айдоочунун туура эмес аракетинен, 11%ы жолдун каршы тилкесине чыгып айдаганынан, 6,5%ы мас абалында унаа башкаргандыгынан, 6,3%ы айдоочунун коопсуз аралыкты сактабагандыгынан, 6,1%ы жол кесилишинен бири-бирине жол бербөөдөн улам болгон. Ошондой эле кырсыкка кабылган айдоочулардын 30%ынын айдоочулук тажрыйбасы бир жылга чейинкилер болуп жатат. Алардын жол эрежесине болгон мамилеси, билими төмөн жана жолдо жүрүүнүн маданиятын жеткиликтүү өздөштүрбөгөн. Ошентип, соңунда эмнеге барып такаларыбыз түшүнүктүү. Ар бир айдоочу, жол кыймылынын ар бир катышуучусу өзүнүн жарандык милдеттеринин бири болгон жоопкерчилигин сезип, жол эрежесине тийиштүү болгон мыйзамдарды так аткаруусу керек. Негизинен ар бирибиз өз укуктарыбызды абдан жакшы билебиз, ал эми жоопкерчиликти эске алгыбыз келбейт.

     Саатына 90 чакырымга чейинки ылдамдыкта уруксат берилген жолдордо, андан бир топ жогорулатып, унааны башкара албай аласалып кетип же уйкуга алдырып  кырсыкка кабылгандар мындан көп. Ошондой эле эл ташыган такси айдоочулар бир күндө узак жолго чыгып, уктабай кайра артка кайткан учурлар бар. Өзүнүн да, жүргүнчүлөрдүн да коопсуздугун эске албай жатышат. Негизинен жол коопсуздугун сактоо бардыгыбыздын жоопкерчилигибиз, милдетибиз. Жалпыбыз бирдикте коопсуздукка кам көрсөк, жол кырсыктарынын алдын алууга аракет кылган болобуз.

    Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын(ЖКККББ) кызматкерлери тийиштүү профилактикалык иштерди жүргүзүшүүдө. Бирок, айдоочулар өздөрүнүн милдеттерин так аткарбагандыгы көйгөй жаратып жатат.

error: Content is protected !!