Сутка ичинде коронавирус 82 адамдан табылды

15-сентябрда республика аймагында коронавирус 82 адамдан табылган. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 33, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 17, Ош облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусу – 3 адамдан илдет табылган.

error: Content is protected !!