Султан ДОСАЛИЕВ:“БЕШИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ МЕНЕН ИШТЕШИП ЖАТАМ”

Эгемендүүлүгүбүзгө  — 30 жыл

Быйыл “Эркин-Тоо” гезитине да, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүккө ээ болгондугуна да 30 жыл толуп олтурат. Ушул эки мааракеге тең тиешеси бар инсандардын бири – Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке фотосүрөтчүсү Султан Ташболотович Досалиевге жолугуп, өзүбүздү кызыктырган суроолорубузга жооп алдык.

—   Султан иним,  айтсаң, кандайча фотосүрөтчү болуп калдың?

—   Албетте, фотосүрөтчү болуп калышымда атам Ташболоттун салымы чоң десем болот. Атам апам менен бирге Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин  бүтүрүшкөн. Кесиби боюнча мугалим. Окууну бүткөндөн кийин Кара-Буура районунун  Жоон-Дөбө айылындагы №13 айылдык кесиптик-техникалык окуу жайында 4 жыл математика мугалими, 10 жыл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анан Горбачёвдун кайра куруу желаргысы менен башталган коомдогу зор өзгөрүүлөрдөн улам жеке ишкерчиликке жол ачылып калды. Ошондо атам ал кызматын таштап, өз алдынча иш жүргүзгөн фотограф болуп кеткен. Себеби, бала кезинен эле ушул өнөргө кызыгуусу зор болгон экен. Атам өзү айтып берген бир окуясы такыр эч эсимден кетпейт. Мектеп курагында фотоаппараты жок болсо да Жамбыл шаарына барганда 35 тыйынга фотоплёнка сатып алыптыр. Ушуну менен сүрөт тартууга кирише тургандай болуп аябай сүйүнөт. Сүрөт тартууга болгон кызыгуусунун, ынтызарлыгынын күчүн карабайсызбы! Ошол деми аны дайыма коштоп, бүгүнкү күнгө чейин жашоо-турмушунун негизин түзүп келе жатат. Ошентип, 1991-жылдан тартып фотографтык ишке биротоло ооп, патент алып, өзүбүздүн жана коңшу үч айылдын адамдарын, окуучуларды тартып жүрдү. Ал кезде бул кесиптин сырын өздөштүргөн адамдар дээрлик жокко эсе болгондуктан, фотографтардын кадыр-баркы жогору эле. Кезекке туруп тартылышчу. Мен Жоон-Дөбө орто мектебинде окуп жүрүп, кичинекей болсом да атама жардамдашып, фотоаппаратын, ж.б. шаймандарын көтөрүшүп, тарткан сүрөттөрүн караңгылатылган бөлмөдө кошо чыгарышып, кургатышып, айтор жанынан чыкпай жүрчүмүн. Натыйжада, менин да бул өнөргө болгон кызыгуум, тартылуум атам менен кошо ээрчишип жүргөндө башталган десем болот.

—      Бишкекке кандайча келип калдыңар?

—     1995-жылы ата-энебиз Бишкектен квартира сатып алышып, борбор калаага көчүп келишти. Ошол жылы Суворов аскердик окуу жайына кирип, 2 жыл окудум. Үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу андагы окуумду таштап, №2 Лебединовка  орто мектебинен билим алдым. Андан кийин И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин телекоммуникация факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктадым. 

—   Анан өз кесибиң менен иштеп калдыңбы, же…

—   Ушул алган кесибим боюнча иштөөгө даярданып жүргөм. Мени менен чогуу окуган группалаштарым тигил жакта, бул жакта иштеп жатышыптыр деп угуп, сүйлөшүп, мен да иш караштырсамбы  деген ойдо элем. Бул кезде фотосүрөт тартпастан, жалаң видеокамера менен иштегенге өтүп кеткен болчумун. Себеби, университеттеги окуумдун контрагын өзүм төлөймүн деп ар түрдүү иш-чараларды, той-топурларды видеого тартуу менен алек болдум. Ал кезде өзүм көтөрүп жүргөн видеокамеранын да кыскача кызыктуу таржымалы бар. 1998-жылы мектептеги окуумду бүттүм. Ошол учурда атам гезиттерден видеокамера сатылат деген жарыяны окуп калат. Ал өзү үйрөнөм, тартам деген ой-максат менен алат. Үйрөт деп бир байкени үйгө да чакырат. Менин видеокамерага абдан кызыгып, колдон түшүрбөй үйрөнүп жатканымды байкап калган атам “макул, видеого тартууну сен колго ал” деп видеокамераны биротоло мага өткөрүп берип койду. Ошондон тартып жогорку окуу жайында окуп жүрүп 5 жыл бою видео тарттым. Атам “Кыргыз туусу” гезитинде фотокабарчы  болуп иштегендиктен, бул гезиттин бир иш-чарасын видеого тартканга барып калып, Эсенбай Калдаров менен таанышкам. Кийин ал “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп иштеп жүргөнүндө,  атама “Бизге экинчи фотокабарчы керек болуп жатат. Уулуң келип иштебейби», — деп Асан Жунусов аркылуу айттырыптыр.  Атам мага “барып иштейсиңби?”, — деди. Окууну жаңы бүткөн кезим болгондуктан ойлонууга туура келди.

—   Акыры кандай чечимге келдиң?

—    Ары ойлонуп, бери ойлонуп, атамдын да кеп-кеңешин угуп, атайын чакырып жатышса барып иштеп көрөйүн деген чечимге келдим. Ошентип, 2003-жылдын 3-октябрында буйрук чыгып, “Эркин-Тоо”гезитинде менин алгачкы эмгек жолум башталды.

—   “Эркин-Тоо” гезитинде канча жыл иштедиң?

—    2006-жылга чейин эмгектендим. Ошондуктан, бул гезит менин жүрөгүмдүн түпкүрүндө өзгөчө орунда турат десем болот. Ушул жерде иштеп жүрүп көп нерсени үйрөндүм. Себеби, буга чейин видеокамера менен той, кече, ж.б. иш-чараларды тартып жүргөн чөйрө башка, а журналистика, гезит иши башка бир дүйнө эмеспи.  Анткени, иштин шарданы менен көптөгөн белгилүү, көрүнүктүү адамдар менен жолугуштум, тааныштым. Өзүмдүн дүйнө таанымым байыды, өзгөрдү. Не дегенде, ар күнү жаңылыктар менен аралашып, дайыма чордонунда жүрөсүң. Күндө жаңы иш-чаралар, жаңы жүздөр, жаңы адамдар менен кезигишип дегендей… Аябай кызыктуу күндөр, жылдар менен коштолгон “Эркин-Тоодо” иштеп калганыма абдан сыймыктанамын. Ал учурдагы Ак үйдө өткөн иш-чараларга Бегим Турдалиева, Сымбат Максутова, Жылдыз Дыйканова менен чогуу көп барып жүрдүк. “Эркин-Тоонун” дагы бир фотокабарчысы Жаныбек Казыболотов байке менен чогуу бир бөлмөдө олтуруп, андан бул кесиптин көптөгөн сырларын үйрөндүм. Айтор, анда иштегендердин бардыгы менен сый мамиледе болуп, улуулар кичүүлөрдү ызааттап, кичүүлөр улууларды урматтап турган гезиттин эмгек жамаатын эч убакта эсимден чыгарбай келемин.  Ошондуктан, биринчи эмгек жолум башталган “Эркин-Тоо” гезитинин 30 жылдык мааракеси белгиленип жаткандыктан, бул жерде иштеп жатышкан бардык ага-эжелеримди, ини-карындаштарымды, жалпы эле кесиптештеримди чын дилимден куттуктап, гезиттин туусун бийик көтөрүп, атагын чыгарып, талбай  жемиштүү кызмат өтөй берүүлөрүн каалаймын.

—  Президенттин жеке фотосүрөтчүсү болуп барып калышыңа кимдер себепкер болду?

—  2006-жылы “Кабар” маалымат агенттигине иштөөгө чакырып калышты. Ошол жерде эмгектенип жүргөнүмдө Президенттик Администрациянын, Мамлекеттик катчынын  көп иш-чараларын чагылдырууда фотосүрөтчүлөр жетишпей калган учурларда жардам берип турганга мени да чакырып калып турушту. Колдон келишинче бардыгын так, өз убагында аткарып, бүткөрүп бергенге аракет кылып жүрдүм. Ошол эмгектеримди туура баалашканбы, айтор, 2009-жылдын январь айынын баш ченинде жумушта түшкү тамактанууга чыгып баратсам, Президенттин басма сөз катчысы Алмас Турдумаматов телефон чалып калды. “Султан, бизге келип иштегенге макулсуңбу? Сенин талапкерлигиңди туура көрүп жатабыз”, — деди.  Мен дароо эле макулдугумду бердим. “Андай болсо дайындала бер. Кабарлашабыз”, — деп койду. Ошону менен бир айдай такыр кабар жок болуп кетти. Мен болсо болбой калганбы деп ойлоп жүрдүм. Азыр ойлосом бир айдай мени текшерүүдөн өткөрүшкөн окшойт. Анан маселе чечилди. 19-февралда мени ишке алуу боюнча буйрук чыкты. Ошондон тартып ушул күнгө чейин ошол жооптуу ишимди аркалап келе жатам.

—   Демек, сен алгач Президент К.Бакиев менен иштешип калган турбайсыңбы?

—   Ооба, К.Бакиев менен бир жылдай иштешип калдым.

—   Ошентип, 5 Президент менен иштешип калдың. Эми Президенттердин жанында жүргөндүн, алардын жеке фотосүрөтчүсү болгондун кандай өзгөчөлүктөрү болот экен?

—   Албетте, адегенде бир аз кооптонуу болду. Себеби, чоң жоопкерчилик бар эле. Жөнөкөй сүрөт тарткан менен Президенттин иш-чараларын тартуунун ортосунда  асман менен жердей айырма бар экендигине көзүм жетти. Күн-түн дебей, убакытка карабай иштеген күндөр көп болду. Акырындык менен тажрыйба алып олтуруп,  бара-бара көнүп кеттим. Өз ишимди – сүрөттөрдү талаптагыдай тартып, тапшырмаларды айткандарындай аткарып жүрдүм. Президенттер, алардын басма сөз катчылары, басма сөз кызматтары тарабынан мага карата ушул кезге чейин ишим боюнча катуу сын-пикир, кагып-силкүү, доомат коюулар болгон жок.

— Беш Президенттин ичинен кимиси менен иштешүү сен үчүн жеңил болду?

—  Бардыгы менен тең эле жакшы иштештим окшойт деп ойлоп калам.  Өз ишиңди жоопкерчиликтүү аткарууга умтулсаң сөзсүз акыбети кайтпай койбойт. Мен алар катышкан иш-чараларды сапаттуу жана маңыздуу тартканга бардык чыгармачылык дараметимди жумшаганга аракет кылчумун. Окуялардын урунттуу, жакшы жактарын сүрөттүн образдарында көпкө чейин эсте калгыдай кылып кармаганга басым жасачумун. Ал үчүн кандай жер экенине карабай адамдардын арасына кирип кетип же жерге жата калып, тура калып дегендей эң кызыктуу учурларын баамдап, өз учурунда мүмкүнчүлүктү кетирбей тартып калганга жетишип калуубуз керек. Бир адам менен көпкө чейин иштешип калганыңда, анын кай учурда кандай кыймыл жасаарын билип каласың да дайыма ошого даяр турууга умтуласың. Айтор, бардыгы менен камыр-жумур болуп жакшы иштешкеним үчүн ушул кезге чейин өз ордумда иштеп жүрөм го деп ойлоймун. Эч кимисинин жамандыгын көргөн жокмун. Бардыгы тең колдоп жүрүштү.

—  Президенттер түздөн-түз буларды тарт, аны тартпа деп көрсөтмө берген учурлары кездештиби?

—   Жок. Президенттер андай деңгээлге чейин түшүшпөйт. Биздин ишибизди Президенттин басма сөз катчысы же  басма сөз кызматынын башчысы жетектеп, көз салып, багыттап турат. Көбүнчөсүн ошолор аркылуу иш жүргүзөбүз.

—  Президенттер деле сүрөттөрүнүн эстелик катарында сакталышын каалашат эмеспи. Ошондуктан, өздөрүнө жаккан сүрөттөрүн топтоп, чыгарып берүүнү өтүнгөн учурлары болобу?

— Ооба, болот. Чет өлкөлөргө жасаган иш сапарлары же өлкө аймактарын кыдыруулары, ошондой эле маанилүү чоң иш-чараларга катышуусу  боюнча жакшы сүрөттөрүн топтоп, альбом кылып даярдап берген учурларыбыз болот. Ал жасаган ишибизди жактырып, рахматтарын айтышат.

—  Мамлекет башчыларынын иш сапарларын дайыма коштоп жүрүп канча чет өлкөгө барып келдиң?

—  Ооба, Президенттердин чет өлкөлөргө жасаган иш сапарларында такай коштоп жүрүп, бирок канча өлкөгө барганыбызды такыр санабаптырмын. Чынында, кыйла эле көп десек болот. Айрымдар бизди турист катары Президент менен кошо барып, эл-жерди көрүп, жыргап эс алып  келет деп ойлошот окшойт.  Биз ал жактарга турист катары эмес,  маңдай тер төгүп иштегени барабыз. Президенттердин расмий иш сапарларынын графиктери мүнөт-саатына чейин  ушунчалык тыгыз түзүлгөндүктөн, самолёттун трапынан түшкөндөн тартып бүткөнгө чейин чуркап жүрүп иштейбиз. Бир иш-чаранын артынан экинчиси боло берип, барган өлкөлөрдүн борбор шаарларын, ж. б. калааларын кыдырмак түгүл, түшүп бараткан машинанын терезесинен гана суктанып караганга жетишкен  учурларыбыз көп болот. Дагы бир жагдай. Мурда плёнкага тартып, сүрөт чыгарып жүргөн кезде өз жерибизге барганда чыгарып беребиз деп шашылбай, убакыт бар болоор эле. Азыр болсо интернет өнүккөн заманда ар бир иш-чараны тартып бүтөөрүң менен дароо даярдап, жөнөтүшүң керек. Ага да убакыт керек. Ошентип, дегеле жеке бош  убактың калбай калат.

—  Президенттердин жеке үй-бүлөлүк иш-чараларын тартып бер чакырып калган учурлары болобу?

—  Албетте, ишеничтүү киши катары чакырган учурлары болот. Бирок, көп эмес, анда-санда гана.

—  Президенттердин чет өлкөлөрдөгү сапарларынын жүрүшүн тартуу учурларында өзүң үчүн кызыктуу жагдайларга туш болгон кездериңден айтып бербейсиңби?

—  Андай учурлар көп эле болот. Ошолордун бирин айтып берейин. Анда Президент Роза Отунбаева Америка Кошмо Штаттарына барып калды. Программада АКШнын президенти Барак Обама менен жолугушуу жок болчу. Ак үйдө Обаманын кеңешчиси менен жолугушуу болуп жаткан. Аны тартып бүтүп, коридорго чыгып, күтүп турдук. Бир убакта эле ал жердегилер, сакчылар опур-топур болуп эле калышты. Көрсө, Обама Отунбаева менен жолугушам деп жолугушуу болуп жаткан бөлмөгө келип калыптыр. Анан бизди да сүрөт тартканга киргизип калышты. Биз кирсек экөө учурашып бүтүп, столдун эки жагында сүйлөшүп олтуруп калышыптыр.  А бизге алардын кол алышып учурашкан учуру керек эле. Ошондо Обама кыраакы көзү менен менин учурашкан учурду тартпай калдым деп тынчсызданып, кабатыр болуп  турганымды көз карашымдан, кабак-кашымдан дароо байкап калды окшойт, “Аа, биз кол алышпай калган турбайбызбы?”, — деп айтып, экөө столдун эки тарабында туруп эле кол алышып, ал учурду сүрөткө тартып калуубузга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Ал жерде тургандардын баары күлүп калышты. Кийин ошол сүрөттөр гезиттерге да чыкты, тарых болуп сакталып калды.

—  Азыркы Президент Садыр Жапаров менен кандай иштешип жатасың? Анын иш ыкмасындагы кандай өзгөчөлүктөрдү байкай алдың?

—  Кудайга шүгүр, жакшы эле иштешип жатабыз деген ойдомун. Ал кишинин мага жаккан сапаттарын айтсам, абдан жөнөкөй жана өтө адамкерчиликтүү. Маселелерди дароо чечкен чечкиндүү жагы да бар. Балдарга аябай жакын десем болот. Аймактарды кыдырып барганында кичинекей балдарды көргөндө ичи эзилип кетет, дароо кучактап, бетинен өөп, көтөрүп, эркелетип,  мээримин төгөт. Карапайым элге да абдан жакын. Программада жок болсо да карапайым адамдын үйүнө барыш керек болуп калса алардын үйлөрүнө кирип,  баарлашып, проблемасын угуп, ал маселелерди  чечүү боюнча тапшырмаларды  жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө, ж. б. табыштайт. Айтор, Президент Садыр Жапаров өзүнүн чечкиндүү кадамдары жана чечимдери менен өлкөбүздүн бардык тараптан алгалап өнүгүшүнө жетише тургандыгына терең ишенемин.

                                                                                             Таалайбек ТЕМИРОВ.

error: Content is protected !!