Курс НБ на 25.10.2020 $80,6300 €95,4498

​Жигиттерге жеткирбеген Марта

Спорт
19 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
235
33 жаштагы бразилиялык футболчу кыз Марта (Марта Виейра да Силва) дүйнөлүк биринчиликтердин финалдык бөлүгүндө 17 гол кийиргендиги менен дүйнөлүк рекорд жаратты. Мартанын рекордуна эми жигиттер да жетпей калышты. Жигиттер арасында буга чейинки реорд германиялык Мирослав Клозеге таандык болуп, 16 гол менен рекордчу катары келген болсо, 17-голун жараткан Марта алдыга суурулуп чыкты. Буга чейин Марта 5 ирет дүйнөлүк биринчиликтерге катышып гол жараткандыгы жана Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тарабынан 6 жолу жылдын мыкты оюнчусу катары тандалгандыгы менен айырмаланып келген. Азыр АКШнын «Орландо Прайд» клубунда ойнойт. 2002-жылдан бери Бразилия курама командасынын мүчөсү. Мартанын рекорддук 17-голу учурда Францияда өтүп жаткан айымдар арасындагы дүйнөлүк биринчиликтеги Бразилия-Италия беттешүүсүндө катталды. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.