Курс НБ на 27.06.2019 $69,6072 €79,1538

​Өзбекстан да талапкер

Спорт
04 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
49
Айымдар футболу боюнча 2022-жылы өтчү Азия биринчилигин уюштурууга, өткөрүүгө 3 өлкө: Индия, Кытай Тайбэйи жана Өзбекстан талапкер болууда. Азия футбол конфедерациясы (АФК) жыйынтыктоочу чечимди эмки жылы кабыл алат. Ага чейин АФКнын комиссиясы аталган өлкөлөрдү кыдырып стадион ж.б. шарттарын карап чыгышат. Азия биринчилигине 8 команда катышат. Алар 2 топко бөлүнүшүп ойношот. Өз топторунда 1-2-орундарды ээлегендер дүйнө биринчилигине катышууга түз жолдомо алышат. Ал эми 3-орунду ээлеген 2 команда өз ара дагы бир жолдомону талашат. Ошентип, Азия чөлкөмүнөн 5 команда дүйнө биринчилигине катышат. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу