Курс НБ на 22.09.2020 $79,2643 €93,0682

Юрий Семин Александр Невский орденин тагынды

Спорт
06 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
145
Москванын “Локомотив” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу 72 жаштагы Юрий Семин кечээ Россиянын жогорку сыйлыктарынын бири – Александр Невский орденин тагынды. УКАЗ август айында чыкса да түрдүү себептер менен эми тапшырылды. Ю. Семин өлкөдө дене тарбиясы менен спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды. “Локомотив” бул машыктыруучу менен 3 ирет Россиянын чемпиону болгон. 6 жолу өлкө кубогунун жеңүүчүсү аталган. Дагы 3 жолу Суперкубокту уткан. Бул устат Россия курама командасын да машыктырган. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.