Курс НБ на 19.09.2019 $69,8460 €77,1205

​XVIII Азия биринчилиги Кытайда

Спорт
06 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
92
Футболдон кезектеги 2023-жылкы Азия биринчилиги Кытайда өтөт. Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кезексиз конгресси 5-июнда Парижде өтүп ушундай чечим кабыл алынды. Кытай жалгыз талапкер болгондуктан бир добуштан колдоого ээ болду. Кытай Азия кубогун буга чейин 2004-жылы кабыл алган болчу. XVII Азия биринчилиги быйыл жыл башында Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) өтүп Кыргызстан дебют жасап 1/8 финалга чейин жетти. Париждеги жыйынга Кыргызстан футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов, вице-президент Аскар Салымбеков жана Башкы катчы Медербек Сыдыковдор катышты. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.