Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

Волейболчу Жеңишбек Кызалаков олимпиадачыларды даярдайт

Спорт
23 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
560
Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти кызматын аркалап келген Ж. Кызалаков жакында Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдерди даярдоочу республикалык окуу жайдын (РУОР) директору болуп дайындалды. Дене тарбия институтун аяктап жаштарга талыкпай таалим–тарбия берип келген устат аталган окуу жайда да үзүрлүү эмгектенип, татыктуу олимпиадачы жаштарды даярдайт деген ишеничте иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Волейболдон Кыргызстан курама командасы былтыр Азияда экинчи болуп, быйыл дүйнөлүк биринчиликте ойноого укук алган. Бул жеңишке жетишүүдө Жеңишбек мырзанын да салымы бар экендигин белгилей кетели.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.