Курс НБ на 24.02.2020 $69,8500 €75,6266

​Валерий Кичин Россияга кайтабы?

Спорт
14 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
46
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Беларустун “Динамо” (Минск) клубунан кетип, Москванын “Торпедо” клубуна келип кошулганын аталган клубдун басма сөз кызматы кабарлады. Азырынча сыноодон өтүүдө. Келишим түзүп ойноп калабы же кайра кетеби В. Кичиндин даярдыгына жараша болот. “Торпедо” 1-дивизиондо ойнойт.  Биринчиликтин 25-турунан кийин 51 упай менен 2-орунда келет. 1-орунда бараткан “Ротор” клубунун 52 упайы бар. Футболдон Россиянын улуттук лигасынын эрежесине ылайык, сезон жыйынтыкталганда 1-2-орундарды ээлеген командалар түз эле жогорку лигиада ойноого укук алат. Кыргызстандык Кичин 2013-жылдан бери Россиянын “Волга”, “Химик”, “Уфа”, “Анжи”, “Тюмень” жана “Енисей” клубдарында ойноп келген. Былтыр июлдан тарта Беларустун “Динамо” (Минск) клубунда жүрдү. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу