Курс НБ на 20.10.2020 $81,2050 €95,6676

​Валерий Кичин, “Енисей” жана карантин

Спорт
24 - Сентябрь 2020
www.erkintoo.kg
54
Футболдон Кыргызстан улуттук курама командасынын капитаны Валерий Кичин Россиянын 1-дивизионундагы “Енисей” клубунда ойноп келет. Командадагы айрым оюнчулардын коронавирус илдетине карата тапшырган анализдери таза чыкпагандыктан “Енисей” футбол ойной албай карантинде олтурат. Тагыраагы, 13-сентябрда “Шинник”, 19-сентябрда “Торпедо”, 23-сентябрда “Акрон” клубдары менен ойноосу керек болчу. Командага оюн талаасына чыгууга уруксат берилбегендиктен үч оюнда тең 3:0 эсебинде жеңилүү ызасын тартты деген жыйынтык чыгарылды. Анын үстүнө команданын башкы машыктыруучусу Александр Тарханов да өзү мурда иштеп келген Болгариянын “Славия” клубунда иштөөнү уланткысы келип, команданы таштап кетип калды. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу