Курс НБ на 11.12.2018 $69,8300 €79,4526

Валентина Шевченконун алдыдагы беттеши

Спорт
21 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
192
Валентина Шевченко 57 кг чейинки салмакта польшалык мушкер айым Йонна Енжейчик менен чемпиондук кур үчүн беттешет. Бул тууралуу UFCнин расмий сайты жарыялап чыкты. Маалыматка таянсак, UFC 231 турниринин алкагында беттеш 8-декабрда Канаданын Торонто шаарында орун алмакчы. Йонна Енжейчик 2015-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылга чейин чемпион болуп турган. 2017-жылдын ноябрь айында Роуз Намаюнастан жеңилип, чемпиондук курдан ажыраган. Тилекке каршы 2018-жылдагы реванш алууга болгон мүмкүнчүлүгү ишке ашпай, жеңилүү ызасын тарткан. Негизинен 57 кг чейинки салмактагы чемпиондук кур АКШлык Никко Монтаного таандык болгон. Ал чемпиондук курун коргоо максатында Валентина Шевченко менен беттешмек. Бирок ал ден соолугунун начарлаганын билдирип, беттештен баш тарткандыгы үчүн чемпиондук курдан ажыраган.
Эркинтоопресс


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу