Курс НБ на 26.02.2020 $69,8500 €75,8850

​Валентина Шевченконун “3-жылдызы”

Спорт
10 - Февраль 2020
www.erkintoo.kg
26
АКШнын Хьюстон шаарында 8-февралдын түнүндө эрежесиз эр уруштан UFC 247 эл аралык турнири өттү. Жердешибиз Валентина Шевченко 57 кг чейинки салмакта чемпиондук наамын коргоду. Бул ирет анын атаандашы теги армениялык, бирок АКШда туулуп өскөн Кэтлин Чукагян болду. Экөө тең 31 жашта. Чукагяндын бою 10 см бийик болуп, Валентина үчүн ыңгайсыз атаандаш катары эсептелген. Экөө 5 мүнөттөн 5 раунд беттешип жеңүүчү аныкталмак. Бирок, тажрыйбалуу Шевченко беттешүү башталганда эле демилгени колго алып, 3-раундда Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип алды. Валентина эң абройлуу делген UFC уюмунда чемпиондук наамын 3-ирет коргоду. Валентина бул таймашы үчүн 270 миң доллар гонорар алды. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу