Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Валентина Шевченко чемпиондукка талапкер

Спорт
30 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
569
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко венесуэлалык Жулианна Пена менен UFC турниринин алкагында беттешти. Беттешүү 28-январда АКШнын Колорадо штатындагы Денвер шаарында өтүп, экинчи раундда Валентина атаандашынын колун толгоо менен утуп алды.
 Бул жеңиштен соң кыргызстандык мушкер UFC боюнча азыркы дүйнө чемпиону Аманда Нуньез менен беттешүүгө укук алды. Шевченко былтыр Нуньезге UFC 196 турниринин алкагында упайлардын айырмасы боюнча утулуп калган болчу. Валентина Шевченко муайтай, кикбоксинг жана аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону катары таанымал мушкер. Ultimate Fighting Championship — аралаш мушташ боюнча Түндүк Америкада, Европада жана Азияда турнир өткөргөн спорттук уюм катары белгилүү. Башкы кеңсеси Лас-Вегас шаарында жайгашкан.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.