Курс НБ на 13.11.2019 $69,8469 €77,0062

​Валентина Шевченко 10-августта чыгат

Спорт
19 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
129
Эрежесиз эр уруштан эң жеңил салмакта UFC чемпиону болуп турган жердешибиз Валентина Шевченко 9-июнда америкалык Джессика Ай менен чыгып утуп чемпиондугун коргогон. Мына ошол беттештен соң Валентина мындан 9 жыл мурда 2010-жылы 30-сентябрда АКШда утулуп калган америкалык Лиз Кармуш экөөбүздүн кармашыбыз кызыктуу болмок деп кыйытып өткөн. UFC уюму Шевченконун өтүнүчүн канаатандырып, экөөнүн реваншын 10-августта Уругвайда өтчү турнирге белгиледи. Шевченко өз карьерасында азырынча Лиз Кармуш менен бразилиялык Аманда Нунис экөөнөн башка эч кимге жеңиле элек. Лиз Кармуш 35 жашта. 2010-жылкы таймашта Шевченко көзүнөн жаракат алып врачтар беттешүүнү улантууга уруксат беришкен эмес. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.