Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

Универсиада: Кыргызстандын желегин Жаркымбаев көтөрөт

Спорт
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
555
29-январда Алматы шаарында Бүткүл дүйнөлүк кышкы Универсиада башталат. 28-ирет өтүп жаткан мелдешке 55 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу катышаары күтүлүүдө. Алар спорттун 12 түрү боюнча ат салышат. Кыргызстан курамасы 9 спортчудан куралып, тоо лыжасы, сноуборд, биатлон, лыжа менен жарышуудан жана көркөм муз тебүүдөн катышат. Команданын капитаны катары Тариэл Жаркымбаев тандалды. Ал Универсиаданын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп чыгат. Тариэл 20 жашта Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын студенти. Ал лыжа жарышынан өлкө намысын коргойт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.