Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Туристтик фестиваль өтөт

Спорт
24 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
634
4-февралда "Тогуз-Булак" тоо базасында "Кыргызстан - тоо лыжасы жана кышкы эс алуунун өлкөсү" аттуу фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Аскат Сеитбеков билдирди.  Фестивалдын максаты - кышкы ички туризмди, спортту өнүктүрүү менен бирге калктын аялуу катмарларына кайрымдуулук жардамын көрсөтүү. Андан түшкөн каражаттар балдар үйлөрүнө жана башка жардамга муктаж коомдук уюмдарга жумшалат. Бул фестиваль 2010-жылдан тарта өткөрүлүп келе жатат,- делет маалыматта. Уюштуруучулардын дагы бир максаты - Кыргызстандагы кышкы туризмге болгон шарттарды даңазалоо.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.