Курс НБ на 20.03.2019 $69,7563 €79,1281

Түркия Шенол Гюнешти тандады

Спорт
01 - Март 2019
www.erkintoo.kg
62
Футболдон Түркия курама командасына жаңы башкы машыктыруучу дайындалды. 2015-жылдан бери “Бешикташ” клубун машыктырып келген Шенол Гюнеш 4 жылга келишим түздү. Ал Түркия тандалмасын 2020-жылкы Европа жана 2022-жылкы дүйнөлүк биринчиликке даярдайт. Ш. Гюнеш 2000-2004-жылдары Түркия курамасын машыктырган. Анын жетекчилиги менен 2002-жылкы дүйнөлүк биринчиликте Түркия 3-орунду ээлеген. Буга чейин Түркия тандалмасын машыктырып келген румыниялык Мирча Луческу 11-февралда кызматын таштап кеткен.
(АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу