Курс НБ на 20.08.2018 $69,4557 €79,1552

Тез баскан адамдардын жүрөгү оорубайт

Спорт
03 - Май 2018
www.erkintoo.kg
81
Жүрөк илдетине чалдыккан, бирок тез жорголоп баскан кишилер ооруканага аз жатат экен. Мындай тыянагын  Италиянын Феррара университетинин окумуштуусу, доктор Карлотта Мерло жетектеген изилдөө тобу айтып чыкты.  Ал баштаган илимпоздор үч жыл изилдөө жасашып, жай баскандардан 182 (51%) адам, орто ылдамдыкта баскан топтон 160 (44%) адам жана ылдам баскандардан 110 (31%) адам кеминде бир жолу ооруканага жатып чыкканын аныкташкан. Натыйжада үч жылда жай баскандар бардыгы 4186 күн, орто ылдамдыкта баскандар 2240 күн жана ылдам баскандар 990 күн ооруканада жаткан. Орточо эсептегенде жай баскан бейтап ооруканда 23 күн, орто ылдамдыкта баскан бейтап 14 күн жана ылдам баскан бейтап тогуз күн дарыланган,-делет “Азаттык” сайтына жарыяланган маалыматта.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.