Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Татьяна Лебедева эки медалынан ажырады

Спорт
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
540
Орусиялык жеңил атлетчи  Татьяна Лебедева 2008-жылы Пекин олимпиадасында узундукка жана үч аттап секирүүдө жеңип алган эки күмүш медалынан ажырады.
Орусиялык жеңил атлетчи  Татьяна Лебедева 2008-жылы Пекин олимпиадасында узундукка жана үч аттап секирүүдө жеңип алган эки күмүш медалынан ажырады. Мындай чечим допинг-анализдерди кайрадан текшергенден кийин анын анализдеринен туринабол деген тыюу салынган зат табылгандыгына байланыштуу кабыл алынды. 40 жаштагы Татьяна Лебедева спорттук карьерасын 2013-жылы аяктаган.
Эл аралык олимпиада комитети (МОК) буга чейин 2008-жылкы Пекин жана 2012-жылкы Лондон олимпиадасынын катышуучуларынан (спортчулардан) 1243 допинг-анализ алып текшерген. Жыйынтыгында 98 спортчу тыюу салынган заттарды пайдаланышкандыгы белгилүү болгон.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.