Курс НБ на 15.07.2018 $68,3282 €79,4315

Тарыхый секирик

Спорт
13 - Апрель 2018
www.erkintoo.kg
87
12-апрель – Эл аралык космонавтика күнү катары белгилүү болсо, 2018-жылдын 12-апрели Кыргыз футболунун тарыхый секирик жасаган күнү катары катталып калды. Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) апрель айы үчүн жарыяланган бедел-рейтингинде рекорддук көрсөткүчкө жетишти. Дүйнө жүзү боюнча ФИФАга мүчө болгон 200дөн ашык команданын ичинен биринчи жолу 75-орунга көтөрүлдүк. Буга чейинки рекордубуз 2016-жылы октябрь айында 99-орун болгон. Кыргызстан 2019-жылкы Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагында быйыл 22-мартта Түштүк Кореяда Мьянма курамасын 5:1, 27-мартта Бишкекте Индия тандалмасын 2:1 эсебинде жеңгени бизге кошумча упайларды алып келди. Жыйынтыгында 40 тепкичке секирип, өткөн айдагы 282 упайыбызга (115-орун), 142 упай кошулуп 424 упай менен 75-орундабыз. Кыргызстан ФИФАнын тизмесинде экинчи ирет айдын мыкты командасы аталды. Азия футбол конфедерациясынын (АФК) тизмесинде 7-орунга чыктык.
Дүйнөдөгү алдыңкы 3 өлкө:
1 (1). Германия - 1533 упай (Кашаанын ичинде өткөн айдын көрсөткүчтөрү берилген)
2 (2). Бразилия – 1384
3 (5). Бельгия - 1346
КМШ өлкөлөрү:
30 (35). Украина – 777 упай
66 (63). Россия - 493
75 (115). Кыргызстан - 424
79 (93). Беларусь - 410
88 (72). Өзбекстан - 381
94 (86). Эстония - 364
96 (101). Грузия - 362
98 (91). Армения - 347
118 (124). Тажикстан - 271
119 (136). Казакстан - 269
126 (127). Азербайжан - 245
129 (114). Түркмөнстан - 242
133 (147). Литва - 229
139 (131). Латвия - 217
173 (170). Молдова - 98.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.