Курс НБ на 19.06.2019 $69,7300 €78,0941

Спортчулар наамдарды алышты

Спорт
14 - Ноябрь 2018
www.erkintoo.kg
268
Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. Спорттогу жетишкендиктери үчүн Айсулуу Тыныбекова, Каныбек Жолчубеков, Төрөкан Багынбай уулу, Дарья Маслова жана Эламан Догдурбек уулу "Эмгек сиңирген спорт чебери" наамына ээ болушту. Аларга сыйлык тапшыруу салтанаты кечээ Бишкекте, Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү. Жеңил атлет Дарья Маслова быйыл Индонезияда өткөн Жайкы Азия оюндарында алтын жана күмүш медалдарды утканы үчүн Кыргызстандын Жеңил атлетика федерациясынан 1 миллион сом акчалай сыйлык алды. "Эл аралык даражадагы спорт чебери" наамы балбандар Акжол Махмудовго, Жоламан Шаршенбековго, Амантур Исмаиловго, Айпери Медет кызына жана Мээрим Жуманазаровага берилди. (ЖК)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.