Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

Сүйүнчү! Кыргызстандык балбан Эрбол Бакиров дүйнө чемпиону болду

Спорт
19 - Сентябрь 2018
www.erkintoo.kg
71

Словакияда Трнава шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Эрбол Бакиров медаль утту. 
Кыргызстандан барган балбан 63 килограмм салмак категориясы боюнча күчүн сынап финалда египеттик Хассан Ахмед Мохамед менен кармашты. Алгач бир упай артыкчылык менен Египеттин балбаны алдыда бара жаткан. Ошол ыргак менен дагы ыкма жасай коем дегенде Бакировдун колуна илешип калып аны далыга басып жыкты. Натыйжада  күрөштүн биринчи бөлүгү соңуна чыкпай жатып кыргызстандык болбан таза жеңиш менен алтын медаль утту. 

Ал буга чейин америкалык Алстон Жон Нуттерди, армениялык Грачья Погосян жана Россиядан барган Азамат Каировду утуп финалга чыккан болчу. Аларды да таза жеңиш жана чоң айырмадагы упай менен жеңип алган.
Булак: Спутник



 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу