Курс НБ на 19.03.2019 $69,7627 €79,2051

Шахмат боюнча дүйнөнүн абсолюттук чемпиону өзбекстандык өспүрүмгө утулуп калды

Спорт
27 - Декабрь 2018
www.erkintoo.kg
133
Өзбекстандык 16 жаштагы шахматычы Шамсиддин Вахидов дүйнөнүн аракеттеги абсолюттук чемпиону Магнус Карлсенди жеңип алды деп маалымдады россиялык “Спорт экспресс” басылмасы. Дүйнө чемпиону Магнус Карлсен дүйнөлүк чемпионаттын алкагында рапид жана блиц боюнча биринчи эки партияны уткузду, бирок калган үчөөсүн утту деп айтылат маалыматта. Вахидов 14 жашында өспүрүмдөр арасында шахмат боюнча дүйнөнүн чемпиону болгон.
Ал үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрынан 3-декабрына чейин Түркиянын Конья шаарында өткөн Бүткүл дүйнөлүк шахматтык олимпиаданын алтын медалын жеңип алган. Ал эми Магнус Карслен 2013-жылдан бери дүйнөнүн 16-аракеттеги абсолюттук чемпиону болуп саналат.
Атай Алтымышев
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу