Курс НБ на 18.11.2017 $69,7468 €82,2140

Россия күчтүү командалар менен таймашат

Спорт
18 - Октябрь 2017
www.erkintoo.kg
40
Россия футболдон дүйнөлүк биринчиликти уюштуруучу өлкө катары тандап алуу оюндарына катышпайт. Бирок командасын табына келтирүү үчүн тапташ керек. Ошондуктан Россия курамасы колдон келсе күчтүүрөөк командалар менен жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүүгө аракеттенип жатат. Жакында эле Азия чөлкөмүнөн Түштүк Корея менен ойноп 4:2 эсебинде уткан. Иран менен тең чыкты. Эми ноябрь айында Россия Аргентина жана Испания курамалары менен таймашат. 2018-жылы март айында Бразилия менен ойнойт.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу