Курс НБ на 17.08.2018 $69,4557 €79,1552

Рекордчу Рафаэль Маркес

Спорт
05 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
118
Футболдон Мексика курама командасынын оюнчусу 39 жаштагы Рафаэль Маркес 5-ирет дүйнө биринчиликтерине катышкан оюнчулардын катарын толуктамай болду. Жалпысынан улутттук курама үчүн 141 оюн өткөргөн. Азыр жергиликтүү “Атлас” клубунда ойнойт. Буга чейин “Барселона” жана “Монако” сыяктуу күчтүү клубдарда ойноп келген. Рафаэль Маркеске дагы бир рекорд таандык. Ал 2002, 2006, 2010 жана 2016-жылкы дүйнөлүк биринчиликтерде дайыма Мексика курама командасынын капитаны катары чыккан футбол тарыхындагы жалгыз оюнчу болуп эсептелет. Буга чейин дүйнө биринчиликтерине 5 жолу катышкан оюнчулардын тизмесинде дагы бир мексикалык Антонио Карбахаль жана германиялык Лотар Маттеус бар.
Асан Жунусов
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу