Курс НБ на 19.09.2019 $69,8488 €77,2458

​Португалияда кайрадан эле Роналду

Спорт
04 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
33
Португалияда жылдын мыкты футболчусун аныкташты. Италиянын “Ювентус” клубунда ойноп жаткан Криштиану Роналду быйылкы жылды кошкондо ушуну менен 10-ирет жылдын мыкты оюнчусу наамына татыктуу болду. 34 жаштагы оюнчу өткөн жылы “Ювентус үчүн 43 оюн өткөрүп 28 гол жараткан. 10 ирет өнөктөштөрүнө гол жаратууга салымын кошкон. Мындан сырткары Португалия курамасынын УЕФАнын Улуттар лигасында жеңүүчү болуусуна да салымын кошкон. Мыкты оюнчу наамына Роналдудан сырткары башка оюнчулар да көрсөтүлгөн. Бирок алар упайлардын айырмасы менен алганда Роналдуга жетпей калышты. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу