Курс НБ на 19.07.2019 $69,6517 €78,3651

​Португалияда Греция чемпион болгон

Спорт
04 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
45
Футбол боюнча XII Европа биринчилиги 2004-жылы 12-июндан 4-июлга чейин Португалияда өтүп, Греция курама командасы сенсация жаратып биринчи жолу Европа чемпиону аталышкан. Биринчиликтин ачылышында талаа ээлери Португалия менен Греция ойноп гректер 1:2 эсебинде утуп алышкан. 4-июлдагы финалда кайрадан эле Португалия менен Греция ойногон. Мындай көрүнүш биринчиликтин ачылышында ойногон командалар кайрадан финалда кездешүүсү Европа биринчилигинин тарыхында биринчи жолу катталган. Португалия өз үйүндө утуп чемпион болот деп турушканда Греция сенсациялуу жеңишке жетишкен. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу