Курс НБ на 27.11.2020 $84,7990 €101,0465

Пауэрлифтинг: Дүйнө кубогу

Спорт
26 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
597
Дубайда 27- февралда башталчу Пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогуна кыргызстандык алты спортчу катышат. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Биздин спортчулар 13-февралга чейин Чолпон-Ата шаарында даярданышат. Даярдык көрүү үчүн 312 миң сом каралган. Өлкө намысын төмөнкү спортчулар коргойт: Эсен Калиев; Жыргал Оросбаев; Раджибали Эшонкулов; Адилет Камчибеков; Максат Аргымбаев; Махаматкул уулу Сагынбек. Аларды машыктыруучулар Аднан Жабраилов менен Олег Алчинов коштоп барат.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.