Курс НБ на 13.08.2020 $78,0000 €92,3520

Олимпиадачылардан ким чемпион болот?

Спорт
16 - Декабрь 2019
www.erkintoo.kg
154
Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Малайзиядагы штаб-квартирасында футболдон 23 жашка чейинки олимпиадалык курама командалар ортосундагы Азия биринчилигине катышчу 16 команда үчүн чүчү кулак ташталды. Ага ылайык алар төрттөн 4 топко бөлүнүштү. Эрежеге ылайык өз топторунда 1-2-орундарды ээлегендер кийинки айлампага өтүшөт. Жарым финалга чыккан 4 командага 2020-жылкы Токио олимпиадасына жолдомо берилет. Азия биринчилиги Таиландда 8-26-январь күндөрү өтөт.
А тобу: Таиланд, Ирак, Австралия, Бахрейн.
В тобу: Катар, Япония, Сауд Арабиясы, Сирия.
С тобу: Өзбекстан, Түштүк Корея, Кытай, Иран.
Д тобу: Вьетнам, Түндүк Корея, Иордания, БАЭ.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.