Курс НБ на 14.08.2018 $69,2500 €78,8515

Неймар Бразилияга жеңиш алып келди

Спорт
04 - Июнь 2018
www.erkintoo.kg
80
Футболдон Бразилия курама командасы Россияда 14-июнда башталчу дүйнөлүк биринчиликке даярдыкты улантууда. Кечээ 3-июнда алар Англиянын Ливерпуль шаарында Хорватия курамасы менен жолдоштук беттешүү өткөрүп, 2:0 эсебинде утуп алды. Беттешүүнүн экинчи бөлүгүндө оюн талаасына чыккан чабуулчу Неймар гол жаратып жеңиш үчүн салымын кошту. Ал быйыл февраль айында жаракат алгандан бери ойной элек болчу. Бразилия эми 10-июнда Вена шаарында Австрия менен ойнойт. Австрия жакында эле Россияны, кечээ Германияны утуп күйөрмандарын таң калтырып турган кези.
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу