Курс НБ на 18.10.2018 $69,3000 €80,1489

​Мелдештен 14 жаштагы өспүрүм каза тапты.

Спорт
27 - Август 2018
www.erkintoo.kg
115
Окуя 19-август күнү болгон. Саат 12.45те нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканада өспүрүм көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Токмок шаарында спортчу Руслан Абасовду эскерүү үчүн уюштурулган кикбоксинг боюнча мелдеште 14 жаштагы жаш спортчу биринчи эле раундда атаандашынан бир нече сокку алып, эс-учун жоготуп койгон. Ошол жерден ага спорттук мектептин дарыгери алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, андан соң аймактык ооруканага жеткиришкен. Өспүрүм бейтапканада көз жумган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө. Окуучунун Ош облусунан атайын мелдешке катышуу үчүн келгендиги айтылууда.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу