Курс НБ на 20.05.2019 $69,8500 €78,0539

​Марк Вильмотс Иран курамасын машыктырат

Спорт
15 - Май 2019
www.erkintoo.kg
18
Футболдон Иран курама командасын Бельгиядан чакырылган Марк Вильмотс машыктырмай болду. Бул тууралуу Иран футбол федерациясынын президенти Мехди Тадж билдирди. 50 жаштагы Марк Вильмотс мурда “Стандард”, “Шальке 04” жана “Бордо” клубдарында ойногон. Бельгия жана Кот-д'Ивуар курама командаларында башкы машыктыруучу болгон. Иран тандалмасын буга чейин португалиялык Карлуш Кейрош машыктырып келген. Быйыл январь айында Бириккен Араб Эмираттарында (БАЕ) өткөн Азия биринчилигинен соң кызматынан чегинген. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу