Курс НБ на 27.11.2020 $84,7984 €101,1815

Лыжа тебүү - муундарды жакшыртат

Спорт
25 - Январь 2017
www.erkintoo.kg
596
Дарыгерлер кыймыл адам ден- соолугуна тийгизген оң таасирин баса белгилешет. Аны менен катар таза абада лыжа тебүү адамга кубат берет. Медицинада бул ландшафтотерапия деп аталат. Жаратылышта эс алууда адамдын нерв системасынын функциясы, клеткалары  жана тамакка болгон табити жакшырып, маанайы көтөрүлөрү аныкталган. Үзгүлтүксүз лыжа тебүү жүрөк-кан тамыр системасын жөнгө салат. Муундарды жакшыртат, деппрессиядан, ашыкча салмактан арылтат.
Инструктордон кеңеш
 1. Туруктуу жана тең салмактуу турушуңуз керек. Бул абалда өзүңүздү эркин сезиңиз. Өзүңүздү бир аз таштаңыз.
2. Салмак бутуңуздун манжаларына түшкөнүн сезип, бут кийимдин кысымы шыйракка тийгенге чейин ийилиңиз. Салмак толугу менен согончокко түшүшү керек. Бут кийимдин сизге канчалык жардам берип жатканына көңүл буруңуз.
3. Бутуңузду ар кандай алыстыкка коюп көрүп эң ыңгайлуу абалды тандоо зарыл.
 Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.