Курс НБ на 15.11.2019 $69,8500 €76,9922

​Легендарлуу Леннокс Льюис

Спорт
02 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
59
Профессионалдык бокс тарыхында жеңилбес чемпион катары карьерасын жыйынтыктаган Леннокс Льюис Улуу Британия менен Канаданын жараны катары таанымал. 91кг салмактан жогоркулар арасында 24-жайкы олимпиаданын чемпиону болууга жетишкен. Профессионалдар арасында оор салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону. 2003-жылы Кыргызстанда төрөлгөн украиналык Виталий Кличкону уткан соң, жеңилбес чемпион катары карьерасын жыйынтыктаган. 2013-жылы 48 жашка келгенде Льюиске Кличколордун кичүүсү Владимир менен чыгууну сунушташкан жана 50 млн доллар гонорар коюшкан. Бирок, Льюис гонорарды 100 млн долларга көтөрүүнү өтүнгөн. Тараптар бир чечимге келе алышкан эмес. Л. Льюис бүгүн 54 жашкы чыкты. (АЖ)


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу