Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Кытайдагы эл аралык марафондо Дарья Маслова күмүш байге алды

Спорт
19 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
442
Кытайдын Куньмин шаарында 17-декабрь күнү ШКУнун 15 жылдыгына карата марафондук жарыш болуп өттү. Биринчи жолу өткөн жарышка 15миңден ашык жөө күлүктөр катышты. ШКУга мүчө өлкөлөрдү кошуп алганда 18 өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Чуркоо эрежеге ылайык 42, 21 жана 12,5 чакырымга созулду. 42 чакырым аралыкты катышуучулардын 2,8 миңи гана басып өтө алышты.
Эркектер арасында 42км 195 метр аралыкка чуркоодо 1-орунду эфиопиялык жигит жеңсе, 2-3-орундарды кениялык жигиттер жеңип алышты.
Кыздар арасында 42км 195 метрге жарышууда кениялык кыз биринчи болду. Анын көрсөткүчү 2 саат, 33 мүнөт 53 секунда. Жердешибиз Дарья Маслова жеңүүчүдөн 5 мүнөткө артта калып 2-орунду ээледи. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.